Редакцияот 25.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз III сессиясы

2022-жылдын 25-февралы № 3/3

Кара-Суу шаарынын 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын иш-планына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-ноябрындагы “2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө” №270 токтомун аткарууга алуу жана шаардагы үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин ишин жандандыруу максатында Кара-Суу шаарынын 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын иш-планына айрым толуктоолорду киргизүү маселесин угуп жана талкуулап шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Суу шаарынын 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын иш-планына төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

Экономика жана бизнес бөлүгүнө:

- Шаарда аялдар бизнесин колдоо, өнүктүрүү жана шарт түзүү –милдети:

 Шаар жашоо үчүн – шаар шаардыктар үчүн бөлүгүнө:

- шаардагы үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин ишин жандандыруу;

- зордук зомбулукка дуушар болгон жарандарды каттоо жана багыт көрсөтүү

2. Бул токтомдун аткарылышы шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча жана социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы:

 

А.О.Назаров