Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 8-2

  Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көк-Жар-Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып жана таштанды сактоочу жайды ачууга макулдук берүү жөнүндө .

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасына лизинг жолу менен атайын таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жана  Көк-Жар жайыт жеринин №208 жана № 260 -контурунда жайгашкан 8,70га жер аянтын турмуш-тиричилик калдыктарын сактоочу жай ачууга макулдук берүү максатында Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча жана Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларынын берген тактамасына негизинде «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасына лизинг жолу менен атайын таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн 1000000 (бир миллион) сом акча каражаттары, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3112-беренесинин эсебинен, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасына которуп берүүгө макулдук берилсин.

2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасына  Көк-Жар жайыт жеринин №208 жана № 260 -контурунда жайгашкан 8,70га жер аянтын турмуш-тиричилик калдыктарын сактоочу жай ачууга макулдук берилсин.

3. Иш кагаздарын мыйзам чегинде тактоо жана иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси М Калматовго жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т. Пирматов