Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 8-2

 Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетин жана 2023-2024-ж.ж. карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-ж.ж. болжолу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоору тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамынын 27-статьясынын 4-пунктуна, 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 9-бөлүмүнүн 20-главасынын 102-беренесине ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

Токтом кылат:

1. 2022-жылга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 27 877 600 (жыйырма жети млн сегиз жүз жетимиш жети миң алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. 2022-жылга айылдык бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2022-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте каралган беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана комуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2-тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Киреше болжолу 2023-жылга 28 414 300 (жыйырма сегиз млн төрт жүз он төрт миң үч жүз) сомго, анын ичинен (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 1 391 000 (бир млн үч жүз токсон бир миң ) сом менен жана 2024-жылга 28 805 300 (жыйырма сегиз млн сегиз жүз беш миң үч жүз) сомго, анын ичинен (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 1 391 000 (бир млн үч токсон бир миң) сом менен белгиленсин.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2023-2024-ж.ж. айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнүн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.

5. Айылдык бюджеттин мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

6. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикасынын бюджетинин 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайызы Республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин.

7. 2022-жылдын 1-январына карата айылдык бюджет боюнча жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча миң сом суммасында белгиленсин.

8. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:

-Ушул токтомдук 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү,

 -ченемдик укуктук актыларды өзгөртүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө,

 -киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын

 эсебинен, чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого.

9. 2019-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылышынан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.

10. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтү С. Миңбаев жана ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибек тарабынан көзөмөлгө алынсын.

11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Т. Пирматов

 

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин

№8-50токтомуна №1-тиркеме

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылга айылдык бюджети.

(мин сом)

№

Кирешелердин жана чыгашалардын аталышы

сумма

1

Салык агенттиги төлөгөн киреше салыгы

12481,3

2

Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы

107,0

3

Милдеттүү патент салыгы

160,0

4

Ыктыярдуу патент салыгы

2820,0

5

Кыймылсыз мүлк салыгы

273,0

6

Юридикалык тараптардан алынуучу транспорт салыгы

60,0

7

Физикалык тараптардан алынуучу транспорт салыгы

1710,0

8

Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы

650,0

9

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

1050,0

10

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

800,0

11

Роялти

567,0

12

Кен байлыктарга лицензия кармагандыгы үчүн акы төлөө

1570,0

13

Калктуу пунктардагы жерлерден алынуучу акы

80,0

14

Жайыт төлөмүнө

418,3

15

Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы

520,0

16

Муниципалдык менчиктеги объектилерден алынуучу ижара акы

120,0

17

Таштанды төлөмү

370,0

18

Толуктоочу грант

1391,0

19

Атайын каражаттар

2690,0

20

Жергиликтүү маанидеги жактан өнүктүрүү жана колдоо үчүн каражат

40,0

 

Кирешелердин жыйындысы:

27877,6

1

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

7692,8

2

Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду

278,7

3

Коргонуу

400,0

4

Экономикалык меселелер

2630,1

5

Комуналдык чарба

4585,8

6

Маданият

2605

7

Билим берүү

9325,2

8

Социалдык коргоо

360

 

Чыгашалардын жыйындысы:

27877,6

 

Көк-Жар айылдык кенешини

жооптуу катчысы:

 

Н Матаипов

 

Көк-Жар айылдык кенешинин

№8-5-токтомуна №2-тиркеме

Кирешелердин аталышы

2023-жыл (мин.сом)

2024-жыл (мин.сом)

Салык агенттиги төлөгөн киреше салыгы

13018,0

13409,0

Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы

107,0

107,0

Милдеттүү патент салыгы

160,0

160,0

Ыктыярдуу патент салыгы

2820,0

2820,0

Кыймылсыз мүлк салыгы

273,0

273,0

Юридикалык тараптардан алынуучу транспорт салыгы

60,0

60,0

Физикалык тараптардан алынуучу транспорт салыгы

1710,0

1710,0

Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы

650,0

650,0

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

1050,0

1050,0

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

800,0

800,0

Роялти

567,0

567,0

Кен байлыктарга лицензия кармагандыгы үчүн акы төлөө

1570,0

1570,0

Калктуу пунктардагы жерлерден алынуучу акы

80,0

80,0

Жайыт акысы

418,3

418,3

Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы

520,0

520,0

Муниципалдык менчиктеги объектилерден алынуучу ижара акы

120,0

120,0

Таштанды төлөмү

370,0

370,0

Толуктоочу грант

1391,0

1391,0

Атайын каражаттар

2690,0

2690,0

Жергиликтүү маанидеги жактан өнүктүрүү жана колдоо үчүн каражат

40,0

40,0

Кирешелердин жыйындысы:

28414,3

28805,3

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

7593,5

7793,5

Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду

298,0

301,6

Коргонуу

100,0

120,0

Айыл чарба

4864,9

4452,5

Комуналдык чарба

6810,5

6759,8

Маданият

2590,1

2423,4

Билим берүү

5797,3

6594,5

Социалдык коргоо

360

360

Чыгашалардын жыйындысы:

28414,3

28805,3

 

Көк-Жар айылдык кенешинин

жооптуу катчысы:

 

Н Матаипов