Редакцияот 18.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы

2022-жылдын 18-февралы № 9-1

 Көк-Жар айыл аймагындагы соода-саттык дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга убакытты чектөө жөнүндө

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 4-февралындагы №01-25-226 –каты жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 10-февралындагы №01-34-55-каты, Көк-Жар айыл аймагындагы соода-саттык түйүндөрүндө кечки саат 20 00 дөн 06 00 гө чейин спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү тууралу сунуш каттарына негиз Депутаттык этика жана мандат, дин иштери, билим берүү, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын №34-беренесинин 12-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын №34-беренесинин 12-пунктуна негиз, Көк-Жар айыл аймагындагы соода-саттык түйүндөрүндө кечки саат 20 00 дөн таңкы 06 00 гө чейин, спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүүгө макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын №34-беренесинин 12-пунктуна негиз, Көк-Жар айыл аймагындагы соода-саттык түйүндөрүндө кечки саат 20 00 дөн таңкы 06 00 гө чейин спирт ичимдиктерин сатууга чектөөлөрдү көзөмөлдөө жана ишке ашыруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин Депутаттык этика жана мандат, дин иштери, билим берүү, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т. Пирматов