Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2022-жылдын 18-февралы № 9-3
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын Сывырчы участкасынын жашоочуларынын арызы жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын Сывырчы участкасынын жашоочуларынын арызына негиз, жаңы көчөнүн аты жок болгондугуна байланыштуу, элдик жыйындын протоколунун негизинде көчөнү Тюркбаев Кыргызбай атына коюу боюнча, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиянын сунушуна негиз, Көк-Жар айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын Сывырчы участкасынын жашоочуларынын арызына негиз, жаны көчөнүн аты жок болгондугуна байланыштуу, элдик жыйындын протоколунун негизинде көчөнү Тюркбаев Кыргызбай атын коюга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси М Калматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Пирматов |