Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясынын

(алтынчы чакырылыштагы)

 

2022-жылдын 24-январы № 1

1. “Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине ѳзгѳртүү жана толуктоолорду киргизүү менен 2022-жылга карата бюджетин бекитүү.

2. Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы 2022-жылдын 01-январына карата калган каражаттарды бѳлүштүрүү жѳнүндѳ.”

Отуз-Адыр айыл аймагынын 2022-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгү жѳнүндѳгү маселелерди карап жана талкуулап чыгып,Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2022-жылдын 01-январына карата калган каражаттарды бѳлүштүрүү боюнча айыл ѳкмѳтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап,айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен ,”Кыргыз Республикасынын

Бюджеттик Кодексинин 3-главасынын 13-беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ;

Отуз-Адыр айыл аймагынын 2022-жылга карата каралган бюджетинин киреше-чыгаша бѳлүктѳрү 28443,8 миң.сом,анын ичинен 3375,0 миң.сом.атайын каражат ата-энелер взносунун эсебинен алымча-кошумчасы менен бекитилсин.

1. Башкаруу аппаратына 31 штат бирдиги,от жагуучуга эмгек акы фондунун эсебинен

тѳлѳнүп берилсин,ал эми айылдык Кеңештин жооптуу катчысы 1 штат,китепканага 1 штат,маданият мүдүрү 1 штат,массалык-маданият иштери боюнча 1 штат,пол жуугуч 1 штат,күзѳтчү 2 штат бекитилсин.

2. Аппарат бѳлүмүнѳ-7212,2 миң.сом,

Айылдык Кеңешке-331,7 миң.сом,

Жайыт комитетине-146,6 миң.сом,

Турак-жай жана коммуналдык кызматтарга-9514,9 миң.сом,

Китепканага-222,5 миң.сом, Маданият үйүнѳ-506,4 миң.

Маданий иш-чараларга-930,0 миң.сом

Балдар бакчасына-1274,0.

Балдар бакчасы атайын каражатына-3375,0 миң.сом

Билим берүү тармагына-3824.0 миң.сом

Элге жеңилдиктерге-1106,5 миң.сом

Жалпы бюджет 28443,8 миң.сомго бекитилсин.

3. Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин чыгаша бѳлүгү сметанын негизинде 2022-жылы

түшкѳн кирешелердин чегинде,чыгашаларды каржылоодо биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы фонду,соц.фонд,дары-дармек,тамак-аш,коммуналдык чыгымдарга чегерүү) каржылансын.

4. Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгү 41547,1 миң.сомго,ал эми чыгаша бѳлүгү 33547,2 миң.сомго аткарылгандыгы бекитилсин.

5. 2022-жылдын 01-январына карата калган 7999,9 миң.сомдук калдыкты,айыл ѳкмѳтү

тарабынан түзүлгѳн сметага ылайык бекитилсин.Бюджеттик каражаттардын калдыгы бекитилген сметага ылайык,анын ичинде; биринчи кезекте ѳткѳн жылда каржыланбай калган кредитордук карыздарды жабууга,айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылда аткаруусу зарыл болгон жумуштарды каржылоого жумшалсын.

6. Бюджеттин киреше жана чыгаша бѳлүктѳрүнүн божомолу 2023-жылга28767,3миң.сомго,2024-жылга 28974,3 миң.соиго белгиленсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык Кеңештин экономика жана бюджет

боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Т.Жумаев)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Каимов.