Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясынын

(алтынчы чакырылыштагы)

2022-жылдын 24-январы № 2

“Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн администрациясы азыркы учурда иштеп жаткан имараттын эскилиги жетип,авариялык абалга келип калгандыгына байланыштуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн администрациясын Отуз-Адыр айылындагы Борбордук мечиттин эски имаратына кѳчүрүү жѳнүндѳ”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын IV главасынын 31-беренесинин негизинде жана ѳндүрүштүк зарылчылыка байланыштуу Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн администрациясы азыркы учурда иштеп жаткан имараттын эскилиги жетип,авариялык абалга келип калгандыгына байланыштуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн администрациясын Отуз-Адыр айылындагы Борбордук мечиттин эски имаратына кѳчүрүүгѳ макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн башчысына жүктѳлсүн.(Н.Калматов)

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык Кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Беделов)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Каимов