ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясынын
(алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 24-январы № 4
“Айылдардагы жана калктуу конуштардагы таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жергиликтүү жыйымдардын тарифин,айыл чарба багытында эмес жерлер үчүн жер салыгынын зоналдык коэфициентин бекитүү жѳнүндѳ.”
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 74,75 жана 339-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын IV главасынын 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн айыл аймагынын айылдарында жана калктуу конуштарында жашап турган ар бир жандан алынуучу жыйым тарифи жылына 10 сом ѳлчѳмүндү бекитилсин.
2. Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн айыл аймагынын айылдарында жана калктуу конуштарында иш алып барышкан юридикалык жактарда жана жеке ишкерлерде иштеген жумушчулардан алынуучу жыйым тарифи жылына 100 сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
3. Айыл аймагындагы айыл чарба багытында эмес жерлер үчүн жер салыгынын ѳлчѳмүнүн зоналдык коэфициенти 1,0гѳ барабар делип бекитилсин.
4. Токтомдун иаткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн башчысына жүктѳлсүн.(Н.Калматов)
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Т.Жумаев)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Каимов. |