ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясынын
(алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 24-январы № 5
“Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бѳлүштѳрүү) фондунун жерлерине аукцион ѳткѳрүү боюнча убактылуу түзүлгѳн комиссиянын ѳзгѳртүүлѳр киргизилген курамын бекитүү жѳнүндѳ.”
Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтү тарабынан сунушталган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бѳлүштүрүү) фондунун жерлерине аукцион ѳткѳрүү боюнча убактылуу түзүлгѳн комиссиянын ѳзгѳртүүлѳр киргизилген курамын карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын IV главасынын 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтү тарабынан сунушталган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бѳлүштүрүү) фондунун жерлерине аукцион ѳткѳрүү боюнча убактылуу түзүлгѳн комиссиянын ѳзгѳртүүлѳр киргизилген курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Убактылуу түзүлгѳн комиссиянын бекитилген курамына айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бѳлүштүрүү) фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби тууралу Жобого ылайык иш алып баруу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык Кеңештин тѳрагасынын орун басарына тапшырылсын.(Абдилазиз уулу Абдимитал)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Каимов. |
| Айылдык Кеңештин 2022-жылдын 24 -январында ѳткѳрүлгѳн XXI сессиясынын № 5 токтомуна № 1 тиркеме |
Кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион ѳткѳрүү боюнча убактылуу түзүлгѳн комиссиянын ѳзгѳртүүлѳр киргизилген
КУРАМЫ;
1.А.Мурзаев -айылдык Кеңештин депутаты;
2.Э.Уразова -айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы
3.У.Кадыров-айыл чарба департаментинин ѳкүлү
4.Д.Атанов-айылдык Кеңештин депутаты
5.Б.Калбаев-айыл ѳкмѳтүнүн жер маселелери боюнча жетектѳѳчү адиси
6.Р.Абдуваитов-айылдык Кеңештин депутаты
7.Ж.Сатыбаев-айылдык Кеңештин депутаты
8.Т.Зикиряев-аксакалдар сотунун тѳрагасы
9.Айыл башчылар
Отуз-Адыр айылдык кеңешини жооптуу катчысы: |
А.Зикиров . |