Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7–чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 24-январы № 7-1
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2018-жылдын 11-январындагы № 10-1 токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак- Чаңгал бөлүмүндөгү разрез « Абшыр » технологиялык жолунун түндүк тарабынан кайрак айдоо жана жайыт жер аянтынан Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу(трансформациялоо)» жөнүндөгү 2015-жылдын 15- июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү» Жобонун 31- пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 47- беренесин жетекчиликке алып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин ссесиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо – Арык айылынын Ак- Чаңгал бөлүмүндөгү разрез « Абшыр » технологиялык жолунун түндүк тарабынан жалпы аянты 88 гектар , анын ичинен 41,56 га кайрак айдоо , 16,63 га кысыр аңыз , 28,18 га жайыт жер аянттарын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын , транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого)макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо – Арык айылынын Ак- Чаңгал бөлүмүндөгү разрез « Абшыр » технологиялык жолунун түндүк тарабынан жалпы аянты 88 гектар жер аянты трансформация болгондон кийин,элдин макулдугу менен жеке ишкерлерге берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү Д.Көчкөновко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев. |