Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7–чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 7-5

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштан айылынын негизги жолуна асфальт төшөө үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштан айылынын негизги көчөсүнө асфальт төшөө жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 18-беренсинин 6-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштан айылынын негизги жолуна асфальт төшөө үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 6519369 (алты миллион беш жүз он тогуз миң үч жүз алтымыш тогуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Көчкөновко жана ФЭБ башчысы Жанибек уулу Анарбекке милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Ажибаев