Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7–чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 24-январы № 7-9
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо- Арык айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин ажатканасын жаңыдан курууга акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо – Арык айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин ажатканасын жаныдан куруу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Д.Көчкөновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңеши:
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо - Арык айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин ажатканасын жаңыдан куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 858238 (сегиз жүз элүү сегиз миң эки жүз отуз сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |