Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7–чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 24-январы № 7-10
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу 10 мектеп жана 9 бала бакчадагы мугалимдердин статусун жогорулатуу үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу 10 мектеп жана 9 бала бакчадагы мугалимдердин статусун жогорулатуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2012- жылдын 21- августу № 574 “Мугалимдин статусу жөнүндө”мыйзамына ылайык , Т.Кулатов атындагы айылдык кеңеши:
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу 10 мектеп жана 9 бала бакчадагы мугалимдердин статусун жогорулатуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 300 000 (үч жүз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |