Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2021-жылдын 29-октябры № 6-3

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата орто мектебинин спорт аянтчасына газон төшөө үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата орто мектебинин спорт аянтчасына газон төшөө үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 18-беренесинин 21-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата орто мектебинин спорт аянтчасына газон төшөө үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 768 700 (жети жүз алтымыш сегиз миң жети жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Ажибаев