Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2021-жылдын 29-октябры № 6-6

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата эс алуу жайына кетүүчү жолго көпүрөө курууга акча каражат бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата эс алуу жайына кетүүчү жолго көпүрөө курууга акча каражат бөлүү жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 18-беренесинин 6-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмүтүнүн Абшыр-Ата эс алуу жайына кетүүчү жолго көпүрөө куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Ажибаев