Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2021-жылдын 29-октябры № 6-9
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Баглан айылынан чыккан негизги жолдогу көпүрөөнү капиталдык ремонттоо үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Баглан айылынан чыккан негизги жолдогу көпүрөөнү капиталдык ремонттоо үчүн акча каражат бөлүү жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 18-беренесинин 6-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Баглан айылынан чыккан негизги жолдогу көпүрөөнү капиталдык ремонттоо үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 833 000 (сегиз жүз отуз үч миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |