Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2021-жылдын 29-октябры № 6-12
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 12-июлундагы №01-25/796 сандуу катын аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 14-июнундагы “Памирлик кыргыздарга күмүк күрсүтүү жөнүндөгү” №265-б буйругуна негиз Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 12-июлундагы №01-25/796 сандуу катын аткарууга алуу максатында Памирлик кыргыздарга көмөк көрсөтүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 18-беренесинин 3-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 14-июнундагы “Памирлик кыргыздарга күмүк күрсүтүү жөнүндөгү” №265-б буйругуна негиз Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 12-июлундагы №01-25/796 сандуу катын аткарууга алуу максатында Памирлик кыргыздарга көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 112 500 (бир жүз он эки мин беш жүз ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |