Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2021-жылдын 29-октябры № 6-14

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Нур-Белек балдар бакчасынын таза сууга болгон коммуналдык төлөмдөрүнө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Нур-Белек балдар бакчасынын таза сууга болгон коммуналдык төлөмдөрүнө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 10-беренесинин 7-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Нур-Белек балдар бакчасынын таза сууга болгон коммуналдык төлөмдөрүнө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Ажибаев