Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2021-жылдын 29-октябры № 6-15
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылган жарандарга социалдык жардамдардын ченемин аныктап берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылган жарандарга социалдык жардамдардын ченемин аныктап берүү жөнүндө билдирүүнү угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин социалдык, маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын протоколуна негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылган жарандарга социалдык жардамдардын ченемдери төмөнкү критерийлер боюнча аныкталсын:
1) Чет мамлекетке органдарын алмаштыруу үчүн – 20 000 сом;
2) Өтө оор абалдагы ооруларга жолдомо жана врачтын корутундусу менен кошуна мамлекеттерге даарылануу үчүн- 10 000 сом;
3) Оор акыбалдагы, төшөктө жаткан, басалбаган, аз камсыз болгон жарандарга – 7000 сом;
4) Үзгүлтүксүз даары менен жашап, турмуш-шарты оор, аз камсыз болгон (акт, врачтын корутундусу, каттоодо турган) жарандарга– 5000 сом;
5) Аз камсыз болгон, жашоо шарты оор, жалгыз бой, жарым жана томолой жетимдер, кароосуз калган балдар, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн – 1000 – 3000 сомго чейин;
2. Арыз менен кайрылган жарандарга социалдык жардамдарды жогорудагы аныкталган ченемдер боюнча комиссияда карап, туура чечим чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнүн социалдык комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин социалдык, маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |