Редакцияот 22.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы.

2021-жылдын 22-июну № 4-1

Төөлөс айыл өкмөтүнөн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

Ноокат райондук прокуратурасынын 09.02.2021- жылдагы Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүн\н башчысынын дарегине ченемдик укуктук актыларынын бузулуусун четтетүү боюнча сунушун эске алуу максатында .

Токтом кылат :

1. Ноокат райондук прокуратурасынын 09.02.2021- жылдагы Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүн\н башчысынын дарегине ченемдик укуктук актыларын бузулуусун четтетүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын .

2. Ноокат райондук прокуратурасынын 09.02.2021- жылдагы Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнөн башчысынын дарегине ченемдик укуктук актыларынын бузулуусун четтетүү жөнүндөгү сунушунда көрсөтүлгөн 175 528 (бир жүз жетимиш беш мин беш жүз жыйырма сегиз ) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин билим берүү тармагынын 70911 бөлүмүнөн 31112390 беренесине чыгыштоого макулдук берилсин.

3. Төөлөс айыл өкмөтүнөн башчысы А.Эшматовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Тешебаевага ченемдик укуктук актылардын бузулуусуна жол бербөө жагы милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы:

 

З. Жороев