Редакцияот 22.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы.

2021-жылдын 22-июну № 4-5

«Төөлөс таза суу » ИСКАКБсынын таза суу үчүн тарифтерин бекитүү,калкка кызмат көрсөтүүдөгү абалы жөнүндө.

« Төөлөс таза суу » ИСКАКБсынын таза суу үчүн тарифтерин бекитүү, калкка кызмат көрсөтүүдөгү абалы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап

Токтом кылат :

1. « Төөлөс таза суу » ИСКАКБсы тейлеген Кара –Кечит айылындагы ар бир таза суу ичкен бир жан башына айына 10 (он ) сом кызмат акы төлөө Муркут айылындагы ар бир үй-бүлө үчүн айына 50 (элүү) сом төлөө тарифи бекитилсин.

2. « Төөлөс таза суу » ИСКАКБсынын калкты таза суу менен тейлөөдөгү иш аракеттери начар экендиги белгиленип, айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго калкты таза суу менен тейлөөдөгү көйгөйлүү маселени жыл ичинде өз денгээлинде чечүүгө көмөк көрсөтүү сунушталсын .

3. Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу «Айыл суу чарбасы ,жерге жайгаштыруу , экология , жаратылышты коргоо , транспорт , курулуш , өнөр–жай , кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы:

 З. Жороев