ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы.
2021-жылдын 22-июну № 4-6
Төөлөс айыл аймагынын Курташ бөлүмүндө жайгашкан таштак жайыт категориясындагы жерлерди,өнөр жай категориясына (трансформациялоого) которууга макулдук берүү жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык абалын жогорулатуу максатында
Токтом кылат :
1. Төөлөс айыл аймагынын Курташ бөлүмүндө жайгашкан таштак жайыт категориясындагы жерлерди, өнөр жай категориясына (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бакировго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу “Айыл суу чарбасы ,жерге жайгаштыруу , экология , жаратылышты коргоо , транспорт , курулуш , өнөр –жай , кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |