ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы.
2021-жылдын 22-июну № 4-8
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын жергиликтүү бюджетинин 70629 айыл чарба бөлүмүндөгү 31112390 беренесиндеги Кенеш айылынын балдар бакчаларынын курулушу үчүн бөлүнгөн акча каражатын билим берүү тармагынын 70911балдар бакча бөлүмүнүн 31112390 беренесине которууга макулдук берүү максатында;
Токтом кылат :
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын жергиликтүү бюджетинин 70629 айыл чарба бөлүмүндөгү 31112390 беренесиндеги Кенеш айылынын балдар бакчаларынын курулушу үчүн бөлүнгөн 2700000 (эки миллион жети жүз мин) сом акча каражатын билим берүү тармагынын 70911 балдар бакча бөлүмүнүн 31112390 беренесине которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин .
3. Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу “Экономика, бюджет ,соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |