Редакцияот 15.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги V сессиясы.

2022-жылдын 15-февралы № 5/1

Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун 2021-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштеринин абалы жана 2022-жылга милдеттери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын № 50 “Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” беренесине жана ушул эле мыйзамдын 31-беренесинин 6-пунктуна, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 3-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2022-жылга милдеттери тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун отчетун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун 2021-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго:

-айыл аймагын өнүктүрүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан стратегиялык жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашырууну камсыз кылсын;

-айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алсын;

-дем берүүчү гранттык комиссияга, райондук өнүктүрүү фондуна бештен кем эмес долбоор сунуштоо менен иш алып барсын,

-санариптештирүүнүн негизинде калкка маалыматтык кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөштүрүп, КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык өздүгүн тактоочу документтерди “Санарип Аймак” базасы аркылуу жеринде берүүнү уюштурсун,

-СЭД, Е-Кызмат, Инфодокс жана АиС ЗАГС программаларды ишке киргизүү менен кызматкерлер, мекемелер ортосунда электрондук документ жүргүзүү алакасына өтүү, жарандарды паспорттоштуруу, күбөлүктөрдү берүү, электрондук базага киргизүү жумуштарын айыл өкмөтүндө жүргүзүүнү камсыз кылсын,

-балдар менен иш алып барууга өзгөчө көңүл буруп, ата-энелери миграцияда жүргөн балдардын электрондук базасын түзүп, турмуш шарты оор үй-бүлөөлөр менен жакындан иш алып барууну колго алсын,

-калкты сапаттуу ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну жана суу төлөмдөрүн өз убагында төлөөнү уюштурсун,

-суу пайдалануучулар бирикмесинин (СПА) ишин жандандырып, сугат суу менен камсыздоону, атайын техника, копатель алууну уюштурсун,

-таштандыларды ташып чыгуу боюнча “Ылай-Талаа - Тазалык” муниципалдык ишканасына ар тараптуу көмөк көрсөтүү жагын колго алсын,

-жайыттарды, эгин талааларды коргоону, оруп-жыюу маселелерин жөнгө салууну уюштурсун,

-жайлоодон көчүп келүү жагын тартипке салуу, колдонуудагы көпүрөлөрдүн, ички чарбалык жолдордун абалын жакшыртуу, жарыктандыруу сыяктуу маселелерди колго алсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Кадамбаева