ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 4-марты № 7/1
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылынын жашоочуларын сугат суу менен камсыздоо үчүн түзүлгөн долбоорго Чалма айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Токбай-Талаа айылынын жашоочуларын сугат суу менен камсыздоо багытында Кара-Кулжа районунун өнүктүрүү Фондуна жазылган долбоорду угуп жана талкуулап Чалма айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Токбай-Талаа айылынын жашоочуларын сугат суу менен камсыздоо багытында Кара-Кулжа районунун өнүктүрүү Фондуна жазылган долбооруна Чалма айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен 500 000(беш жуз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токбай-Талаа айылынын жашоочуларын сугат суу менен камсыздоо багытында Кара-Кулжа районунун өнүктүрүү Фондуна жазылган долбоорун колдоп берүү жагы Кара-Кулжа районунун өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңешине сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовго тапшырылсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Кадыркулов |