ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 4-марты № 7/2
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылынан өткөн Тар дарыясынын жээгине “Орчун” коомдук бирикмеси тарабынан чакан ГЭС курууга уруксат берүү жөнүндө
Токбай-Талаа айылынан өткөн Тар дарыясынын жээгине “Орчун” коомдук бирикмеси тарабынан чакан ГЭС курууга уруксат берүү жөнүндөгү Токбай-Талаа айылынын Эшуулу Нокой элдик жамаатынын 2.03.2022-ж. Сунушун угуп жана талкуулап Чалма айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Токбай-Талаа айылынан өткөн Тар дарыясынын жээгине “Орчун” коомдук бирикмеси тарабынан чакан ГЭС курууга уруксат берүү жөнүндөгу Токбай-Талаа айылынын Эшуулу Нокой элдик жамаатынын 2.03.2022-ж. Сунушунун негизинде Тар дарыясынын жээгине чакан ГЭС курууга уруксат берилсин.
1. Токбай-Талаа айылынан өткөн Тар дарыясынын жээгине “Орчун” коомдук бирикмеси тарабынан чакан ГЭС куруу жөнүндөгу Токбай-Талаа айылынын Эшуулу Нокой элдик жамаатынын 2.03.2022-ж. Сунушу канааттандырылып, чакан ГЭС куруу жагы Чалма айыл өкмөтүнөн суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чалма айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Кадыркулов |