КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Капчыгай айылдык кеңешинин (VII –шайланган) кезексиз бешинчи сессиясы
2021-жылдын 15-декабры № 5.2
Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн Сары-Бээ айылында “Мөлтүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын ремонттон өткөрүү үчүн түрткү берүүчү грантка өткөрүүгө өздүк салымга Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Арзи уулу Азизбектин Сары-Бээ айылында “Мөлтүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын ремонттон өткөрүү максатында түрткү берүүчү грантка жазылган долбоорунун маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Бээ айылында “Мөлтүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын ремонттон өткөрүү үчүн өздүк салым катары Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинен 413367 (төрт жүз он үч миң үч жүз алтымыш жети) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Арзи уулу Азизбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү,спорт,миграция,туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | С.Калыбаев |