КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Капчыгай айылдык кеңешинин (VII –шайланган) кезексиз бешинчи сессиясы
2021-жылдын 15-декабры № 5.3
Капчыгай айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондусуна (КФБ) калтырылган 239-га чөп орунду аянтын айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясына (трансформациялоо) жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондусуна (КФБ) калтырылган 239-га чөп орунду аянтын айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясына (трансформациялоо) жөнүндө Капчыгай айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча жетектөөчү адиси Э.Касымалиевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Капчыгай айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондусуна (КФБ) калтырылган Сары-Бээ айылындагы Чолок-Жон участкасынын №2-3 контурундагы 139-га чөп орунду аянты, тТерек-Суу айылындагы Сөгөт-Айрык участкасынын №1-4 контурундагы 100-га чөп орунду аянты тоо-таштын арасында жана алыскы аймакта болуп,эч бир техника бара албагандыктан жана эч ким пайдаланбагандыктан айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясына (трансформациялоо)которулсун.
2. Бул токтомду ишке ашыруу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча жетектөөчү адиси Э.Касымалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | С.Калыбаев |