Редакцияот 23.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Капчыгай айылдык кеңешинин (VI –шайланган) кезексиз алтынчы сессиясы

2021-жылдын 23-декабры № 6.1

Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 30.11.2021-жылдагы № 11-2021-21 “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө” сунуштаманы кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттемелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесине ылайык ушул мыйзамдын колдонушу саясий атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга ошондой эле саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген кызматкерлерине жайылтылышы көрсөтүлгөндүгүн маалымдап жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 31.01.2017-жылдагы ПЖ 17 сандуу Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин” 3-главасына ылайык , жергиликтүү кеңештин төрагасы, төраганын орун басары, депутаттары саясий муниципалдык кызмат орундарына кирет деп белгиленгендиги түшүндүрүлөт.

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттемелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-бер. 1-бөл. ылайык, декларация отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбестен декларант тарабынан, анын паспорттук маалыматтарына ылайык жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органына берилет жана мыйзамдын 9-бер. 1-бөл. талаптарына ылайык , декларацияны белгиленген мөөнөттө бербеген, декларацияны толук эмес жана/же анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен берген учурда, декларант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат деп белгиленген.

Ал эми Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан 2021-жылдын 11-майында текшерүү жүргүзгөн учурда Капчыгай айылдык кеңешинин депутаттары Мамеков Мыйманаалы, Асыранов Эрланбек Аттокурович,Арзи уулу Азизбек, Карасартов Махмутали Садыкович, Кебеков Кудайберди Тентимишович, Самиев Адылбек Тартаңкушович, Байдыев Шарабидин Таабалдыевич жана Кадирдинова Махабат Кадирдиновалар киреше, чыгаша жана мүлкү жөнүндө декларацияларын кечиктирип тапшырбагандыгы белгилүү болгон.

Жогорудагы Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 30.11..2021-жылдагы № 11-2021-21 сандуу “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө” сунуштаманы угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык кеңеши т о к т о м к ы л а т ;

1. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин чыгымдарын милдеттемелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткарууну айылдык кеңештин депутаттары Асыранов

Эрланбек Аттокурович,Арзи уулу Азизбек, Карасартов Махмутали Садыкович, Кебеков Кудайберди Тентимишович, Самиев Адылбек Тартаңкушович, Байдыев Шарабидин Таабалдыевич жана Кадирдинова Махабат Кадирдиноваларга эскертилсин.

2. Өзүнүн жана жакын туугандарына менчик укугунда таандык кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарын декларацияда толук көрсөтүү жана өз мөнөтүндө тапшыруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына ( декларантка ) жүктөлсүн.

 

Төрага:

С.Калыбаев