КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (VII шайланган ) кезексиз бешинчи сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 4/1
Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 20.11.2021-жылдагы №11-2007-21 санду ”Сунушун” кароо жөнүндө.
Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 20.11.2021-жылдагы №11-2007-21 санду сунушунда Кашка-Жол айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн декларацияда Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары турган жана декларантка жана анын жакын туугандарына менчик укугуна таандык кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөндүгү тууралуу талаптар одоно түрдө бузулгандыгы белгиленген. Жогорудагы көрсөтүлгөн мыйзамдарды сактоо менен бирге мыйзамдардын жол берилген бузулушун аларды бузууга жол берген себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча ачык-айкын иш-чараларды көрүү максатында Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 20.11.2021-жылдагы №11-2007-21 санду сунушунда Кашка-Жол айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын одоно түрдө бузуп 2019-2020-жылдар үчүн кирешелери жөнүндө декларацияларында кыймылсыз мүлктөрүн, жер участокторун жана өздөрүнө таандык үлүштөрүн көрсөтпөгөндүгү үчүн Кашка-Жол айылдык кеңештин төмөнкү депутаттары Дөөлөтов Айдарбек Абдибаапович, Турдубаев Ырысбек Таирович, Кулмаев Жеңишбек Тешебаевич, Турганбаев Бактыбек Жапарович, Суранбаев Бекташ Суранбаевич, Маткасымов Эрмамат Айткулович, Пусуров Орунбай Мырзаевич, Акматов Доорбек Үсөнович, Эрмекбаева Эльмира Эмилжановна, Каримов Свет Адилбекович, Нажимидинов Мээримбек Байышович, Айдаралиев Кымбатбек Бакыевич, Кочкорбай уулу Канатбек, Ыдырсов Анарбай Бапыевич, Оморов Туратбек Шабдановичтерге мыйзамдардын жол берилген бузулушун, аларга көмөк берген себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча эскертилип, мындан ары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарын сактоо жагы белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кашка-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бакиров |