КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (VII шайланган ) кезексиз бешинчи сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 4/2
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Тоготой айылындагы ”Эсен” балдар бакчасына жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Тоготой айылындагы М.Байымбетов атындагы орто мектебинин алдындагы “Эсен” балдар бакчасына Кашка-Жол айылдык Кеңешинин 27.12.2021-жылдагы кезексиз сессиясында 0,13 га жер аянтын бөлүп берүү максатында Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Тоготой айылындагы М.Байымбетов атындагы орто мектебинин алдындагы “Эсен” балдар бакчасына аталган айылдагы № 17 үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун жер аянтынан 0,13 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы “Кадастыр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Кулжа филиалынан жана Кара-Кулжа шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбековко жана тийиштүү адистерге милдеттендирилсин.
Кашка-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бакиров |