Редакцияот 18.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 27-отуруму (сессиясы)

2021-жылдын 18-декабры № 27-1

“Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2021-жылдын 15-декабрындагы №20-1-011/18855 сандуу чыгыш катын аткарууга алуу” жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2021-жылдын 15-декабрындагы №20-1-011/18855 сандуу чыгыш катын аткарууга алуу тууралуу  Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп , талкуулап, депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2021-жылдын 15-декабрындагы №20-1-011/18855 сандуу чыгыш каты аткарууга алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомунун 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Келишимдин  шарттары жана өткөрүп берүүчү ыйгарым укуктардын  төмөндөгү тизмеги бекитилсин:

--Баланын  туулгандыгын  каттоо, ошондой  эле  туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү берүү;

-никени каттоо,нике күбөлүгүн берүү;

-Өлгөндүктү  каттоо, өлгөндүгү  жөнүндө  күбөлүктү  берүү;

-«балага сүйүнчү»  арызын  каттоо;

3. Бул токтомдун аткарылышына  көзөмөлдүк кылуу жагы Н.Исанов атындагы  айылдык кеңешинин депуттарынын « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Н.Жолдошов