Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 27-отуруму (сессиясы)
2021-жылдын 18-декабры № 27-2
“Жаңы-Базар айылына курулуучу өрт өчүрүүчү пункттун имаратын куруу иштерин 2018-2023-жылдардагы стратегиялык-өнүгүү планына киргизип, долдоорду ишке ашыруу үчүн каржылоо жагын райондун “аймактарды өнүктүрүү фондусуна сунуштоо” жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө Жаңы-Базар айылына курулуучу өрт өчүрүүчү пункттун имаратын куруу иштерин 2018-2023-жылдардагы стратегиялык-өнүгүү планына киргизип, долдоорду ишке ашыруу үчүн каржылоо жагын райондун “аймактарды өнүктүрүү фондусуна сунуштоо жөнүндө Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп , талкуулап, депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Базар айылына курулуучу өрт өчүрүүчү пункттун имаратын куруу иштери 2018-2023-жылдардагы стратегиялык-өнүгүү планына киргизилсин.
2. Жаңы-Базар айылына курулуучу өрт өчүрүүчү пункттун имаратын куруу долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн каржылоо жагы, райондун “аймактарды өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депуттарынын « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Жолдошов |