Редакцияот 22.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 28 отуруму (сессиясы)

2022-жылдын 22-январы № 28-1

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2022-жылга карата түзүлгөн болжолдуу бюждетин бекитүү жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасы М.Ташиевдин 2022-жылга карата берген бюджет тууралуу билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2022-жылга бюджетинин киреше жана чыгашалары 543,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесине бөлүнгөн 543,0 сомдун 3\1 бөлүгү жайыт комитетинин өзүндө калтырылсын.

3. ЖПБнин мал башына бекитилген жайытка чыгуу баалары боюнча жайыттарды башка максатта пайдалануучулар үчүн белгиленген баасы көтөрүлүп, ЖПБнин эсептөө комиссиясы чыгарган тиркемесинин негизинде кошумча көтөрүлгөн баанын айырмасы алты айлык бюджеттин кароосуна киргизилсин (Тиркеме тиркелет )

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин “Экономика ,бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Төрага:

Н.Жолдошов

 

 

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 

№ 7 чакырылышынын кезексиз 

28- отурумунун (сессиясы) №28-1 токтомуна

№1 тиркеме

 

Н.Исанов атындагы ЖПБ нин 2022-жылга жайытка чыгуудагы   мал башына болгон бааларынын болжолу

1

Ийри мүйүздүү мал башына жыл ичинде

210 сом

Айына   30  сом

2

Жылкы башына жыл ичинде

210 сом

Айына 30  сом

3

Торпок башына жыл ичинде

105 сом

Айына 15 сом

4

Кой башына жыл ичинде

105 сом

Айына 15 сом

5

Эчки башына жыл ичинде

140 сом

Айына 20 сом

Кичи-Алай боюнча

1

Ири мүйуздүү мал (топоз) жыл ичинде

420 сом

Айына 35 сом

2

Топоз (мамалак) башына жыл ичинде

300 сом

Айына  25 сом

3

Жылкы башына жыл ичинде

245 сом

Айына 35 сом

4

Кой башына жыл ичинде

105 сом

Айына 15 сом

5

Сырттан  келген кой башына  жыл ичинде

3 ай 108 сом

Айына 36 сом

6

Эчки башына жыл ичинде

140 сом

Айына 20 сом

7

Сырттан келген эчки башына жыл ичинде

245 сом

Айына 35 сом

8

Ири мүйүздүү мал жыл ичинде

224 сом

Айына 32 сом

 

Жайытты кыйыр максатта пайдалангандар  үчүн

1. Жайыт жерин тосуп,кыйыр максатта пайдалангандыгы үчүн суулу 0,01 га жерге 35сом

2. Жайыт жерин өздөштүрүп,тосуп кыйыр максатта пайдалангандыгы үчүн  0,01 га жерге  20 сом.

3. Бал челек кармагандарга 1 бал челек үчүн  70 сом.

4. Сырттан келген бал челек кармагандарга 1 бал челек үчүн 120 сом.

5. Жайыт жеринен топурак таш ташуучуларга 1 машинасына  100 сом.

6. Жайыт жерин мал жаюу максатта эмес жол салып башка максатта пайдалангандыгы үчүн 1 метр квадрат жерге 20 сом.

Чет жактан алып келип айылга жана жайлоого мал баккандар үчүн.

1

Ири мүйуздүү  мал

3 айга  450 сом

Айына 150 сом

2

Топоз

640 сом

Айына 53 сом

3

Жылкы

3 айга  450 сом

Айына 150 сом

4

Кой

252 сом

Айына 36 сом

5

Эчки

266 сом

Айына 38 сом

Айыл арасында жайыт комитетинин келишими жок,чет жактан мал алып келип баккандар үчүн 5000 сомдон 10000 сомго чейин айып пул төлөйт.

 

Жооптуу катчы:

Г.Байышова