Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 28 отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 22-январы № 28-2/1
“Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетин бөлүүдө,айлдык кеңештин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы Кеңештин караоосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн жумуштарга 5652782 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн.
- 100000 сом Айыл өкмөткө караштуу айылдардын ички жолдоруна грейдер кызмат акысына
50000 сом Федоров атындагы айылынын Атканага жардан өтүүчү чоң көпүрөнү оңдоого
- 200000 сом Жарандык коргоого жана өзгөчө кырдаалдарга
- 72000 сом УСМ «Водстрой» ишканасы төккөн акчаны кайтарып берүүгө
- 543073 сом Долбоорлорду даярдаганга
- 200000 сом Эпзотикалык абалды туруктуу кармоо үчүн
- 70000 сом Федоров атындагы айылынын ички арыктарын тазалоого
- 40000 сом Федоров атындагы айылынын Карабаш участкасынын ички арыктарын тазалоого
- 400000 сом Кожоке айылынын Мырза-Дөбө көчөсүнө асфальт төшөөгө
- 140000 сом Кожоке айылына
- 300000 сом Жаңы-Базар айылына таза суу чыгарууга
- 65000 сом Жаңы-Базар айылынын Байыш участкасына мамыча алууга
- 100000 сом Кичик-Алай айылына көпүрө курууга
- 225000 сом Чеч-Дөбө айылынын Ө.Турасанов, Бак-1 жана башка көчөлөрүнө мамыча жана чубалгы алууга
- 830000 сом Жар-Коргон айылын Б.Маликов атындагы көчөгө асфальт төшөөгө
- 300000 сом Чеч-Дөбө айылынын Марак палван көчөсүнө жөө адам өтүүчү көпүрө курууга
- 150000 сом Федоров атындагы айылынын Төш участкасынын Жаштар,М.Исаев, Бак көчөлөрүнө мамыча алууга
- 250000 сом Федоров атындагы айылынын Карабаш участкасынын жаңы көчөлөрүнө мамыча алууга
- 275000 сом Федоров айылынын Төш участкасынын суу сактоо көлмөсүнүн ичин тазалоого, айланасын тосуу өздүк салымына
252709 сом Федоров атындагы айылынын Карабаш участкасындагы сел өтүүчү каналды тазалоо, темир бетон латокторду орнотууга ЧП Амиракуловго кретитордук акысына
420000 сом Федоров атындагы айылынын Даминов Шамши, Ж.Эрматов көчөлөрүнө трансформатор алууга
30000 сом Кожоке 1 балдар бакчасынын печкасын ондоого
40000 сом Алтын-Казык орто мектебинин тосмосун жылдырууга
- 600000 сом Кожоке орто мектебинин электр энергия менен жылытуусун көмүр менен жылытууга өткөрүүгө
2. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага: | Н.Жолдошов |