Редакцияот 22.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 28 отуруму (сессиясы)

2022-жылдын 22-январы № 28-3

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылынын “Байыш” бөлүмүндө жайгашкан Шералиев Маматжан Ысмаиловичке тиешелүү 0,12 га коммерциялык багыттагы жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп, турак жай куруу жөнүндө

 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылынын “Байыш” бөлүмүндө жайгашкан Шералиев Маматжан Ысмаиловичке тиешелүү 0,12 га коммерциялык багыттагы жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп, турак жай куруу жөнүндөгү 2021-жылдын 1-декабрындагы жазган арызына ,Ноокат районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын 13-декабрындагы № 227/21 корутундусуна ,Ноокат райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 07.12.2021 жылдагы № 14-258 сандуу чыгыш катына негиз, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын” 18-41-беренесине,Кыргыз Республикасынын “Турак жай “ Кодексинин 13-88-беренелерине ылайык, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш –пикирлерин угуп ,талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылынын “Байыш” бөлүмүндө жайгашкан Шералиев Маматжан Ысмаиловичке тиешелүү 0,12 га коммерциялык багыттагы жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп, турак жай куруу жөнүндөгү 2021-жылдын 1-декабрындагы жазган арызы, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын” 18-41-беренесине,Кыргыз Республикасынын “Турак жай “ Кодексинин 13-88-беренелерине ылайык канааттандырылсын .

2. Жер аянтына ,курулушуна тиешелүү юридикалык иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизип ,даярдап берүү жагы “Кадастр “ мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан , Ноокат районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын суралсын .

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин «айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Н.Жолдошов