Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 28 отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 22-январы № 28-4
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Чеч-Дөбө айылынын төмөн жагындагы Ош-Папан жолунун бойлоруна 500м аралыкта карып, эскирген дарактарды кесип, кайрадан көрктөндурүү жашылдандыруу үчүн арча ,карагай, кайын көчөттөрун отургузуу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Чеч-Дөбө айылынын төмөн жагындагы Ош-Папан жолунун бойлоруна 500м аралыкта карып,эскирген дарактарды кесип , кайрадан көрктөндурүү жашылдандыруу үчүн арча , карагай, кайын көчөттөрун отургузуу жөнүндөг\ айыл башчы С.Рахмановдун билдирүүсунө негиз, айылдык кенештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Чеч-Дөбө айылынын Ош-Папан жолунун бойлоруна 500м аралыкта карып, эскирген дарактардын ордуна , жаны көчөттөрдү отургузуу үчүн ,Экология жана Экотех мекемелери менен макулдашып , мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасывнын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ”Мыйзамынын 27-беренесинин 9-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы №53 “Айлана-чөйрөну коргоо” мыйзамынын 42-беренесине негиз , Чеч-Дөбө айылынын төмөн жагындагы Ош-Папан жолунун бойлоруна 500 м аралыкта карып, эскирген дарактарды мыйзам чегинде кесип , көрктөнүрүү жана жашылдандыруу максатында арча , карагай , кайын көчөттөрү отуругузулсун.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин айыл чарба , жерге жайгаштыруу жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.Жолдошов |