Редакцияот 22.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 28 отуруму (сессиясы)

2022-жылдын 22-январы № 28-8

Ноокат райондук ЖДПБнын Көк –Бел бөлүмүнүн дарыгери У.Карыбековдун кайрылуусун кароо жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы –Базар айылында жайгашкан “Мээрим –Нуру “ МЧББМнин ордунда калктын саламаттыгы үчүн кызмат көрсөтүп жаткан Ноокат райондук ЖДПБнын Көк –Бел бөлүмүнүн дарыгери У.Карыбековдун кайрылуусуна негиз, айылдык кеңештин депутаттары угуп,талкуулап Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы –Базар айылында жайгашкан “Мээрим –Нуру “ МЧББМнин ордунда калктын саламаттыгы үчүн кызмат көрсөтүп жаткан, Ноокат райондук ЖДПБнын Көк –Бел бөлүмүнүн дарыгери У.Карыбековдун кайрылуусу аткарууга алынсын.

2. Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2018-жылдын 6-чакырылышынын 09-июндагы №22-1 токтому айыл өкмөтү тарабынан аткарууга алынбагандыктан, 2021-жылдын 21-сентябрындагы Ош облустук Админстративдик сотунун аныктамасына негиз, Ноокат райондук ЖДПБнын Көк –Бел бөлүмү Терапия катары пайдаланып келген имараты эки тараптуу келишимдин негизинде,жаңы имарат курулганга чейин,убактылуу пайдаланууга берилсин.

3. Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2018-жылдын 6-чакырылышынын 09-июндагы №22-1 токтомунун негизинде чечим кабыл алуу Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин «айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Н.Жолдошов