Редакцияот 22.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 28 отуруму (сессиясы)

2022-жылдын 22-январы № 28-9

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн алдындагы “Алчалуу тазалык” Муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө аймактарды тазалоо, КТК чыгаруу, коммуналдык кызмат көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 65-беренесинин 1-2-3-пунктуна негиз, “Тазалык”Муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушун айылдык кеңештин депутаттары угуп,талкуулап Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө аймактарды тазалоо, КТК чыгаруу, коммуналдык кызмат көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 65-беренесинин 1-2-3-пунктуна негиз­-Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун “Алчалуу тазалык” Муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү сунушуна айылдык кенеши тарабынан макулдук берилсин.

2. “Алчалуу тазалык”муниципалдык ишканасынын юридикалык иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап, жетекчисин дайындап берүү жагы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Н.Жолдошов