ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
2021-жылдын 19-август № 5-1
Айылдык кеңештин аймагындагы мектептердин жана балдар бакчаларынын ички чарбалык иштеринин абалы,мектептердеги жана балдар бакчалардагы 2021-жылга матералдык техникалык базасы,көрктөндүрүү иштеринин жыйынтыгы,санитардык абалы, тазалыктары, 2020-2021-жылга окуу жылына түзүлгөн иш аракет пландарынын аткарылышы. Мектеп окуучуларынын жана балдар бакчаларынын тарбиялануучуларынын билим денгээли , окуу тарбия ишиндеги абалы жөнүндө.
Айылдык кеңенештин аймагындагы билим берүү тармагына жакындан жардам көрсөтүү жана мектептердин материалдык техникалык базасын чындоо максатында
Токтом кылат:
1. Айылдык кенештин аймагындагы мектептердин жана балдар бакчаларынын ички чарбалык иштеринин абалы ,мектептердеги жана балдар бакчалардагы 2021-жылга матералдык техникалык базасы көрктөндүрүү иштеринин жыйынтыгы санитардык абалы ,тазалыктары 2020-2021-жылга окуу жылына түзүлгөн иш-аракет пландарынын аткарылышы. Мектеп окуучуларынын жана балдар бакчаларынын тарбиялануучуларынын билим денгээли, окуу тарбия ишиндегеги абалы жөнүндөгү туруктуу комиссиянын төрайымы А.Батырованын билдирүүсө эске алынсын .
2. Билдирүүдө көрсөтүлгөн жана депутаттар тарабынан айтылган сын сунуштарды, көрсөтүлгөн кемчилдиктердин үстүндө иш алып баруу,
айыл аймагындагы мектептердин директорлоруна , балдар бакчалардын башчыларына милдетендирилсин .
3. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу “ Элге билим берүү жана саламатыкты сактоо “ боюнча комиссиясына жүктөлсүн
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |