Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы

2021-жылдын 19-август № 5-3

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы дене- тарбия жана спорт тармагындагы көйгөйлүү маселелер жөнүндө.

Айыл өкмөтүнүн аймагындагыдене- тарбияжанаспорт тармагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү жана жакындан жардам көрсөтүү максатында

Токтом кылат:

1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы дене –тарбия жана спорт тармагындагы көйгөйлүү маселелер жөнүндөгү туруктуу комиссиянын търайымы А.Назарбаеванын билдирүүсү депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштардын негизинде эске алынсын .

2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы спорт аянтчаларынын ,спорт залдарынын башчыларынын билдирүүдө белгилегендей кемчилдиктерди четтетүү жана айтылган сын – сунуштарды аткарылышы үстүндө иш алып баруу жагы милдетендирилсин .

3. Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго дене – тарбия жана спорт тармагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жакындан жардам берүү сунуш кылынсын .

4. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин “Социалдык ,маданий, спорт. миграция. туризм жана жаштар иштери “ боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы:

З. Жороев