Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы

2021-жылдын 19-август № 5-8

Памирдик кыргыздарга көмөк көрсөтүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин II пунктунаылайык .

Токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 14-июлундагы “Памирдик кыргыздарга көмөк көрсөтүү жөнүндө “№265-б сандуу буйругу аткарууга алынып 40500 сом акча каражатын көмөк көрсөтүү үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго жана ФЭБ башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу “Экономика ,бюджет, соода жана ишкердүүлүк “ боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы:

З. Жороев