Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы

2021-жылдын 19-август № 5-9

Ноокат районундагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө.

Айыл өкмөтүнүн финансалык ченемдик укуктук бузууларга жол бербөө кетирилген кемчилдиктерди мынданары болтурбону камсызкылуу максатында

Токтом кылат:

1. Ноокат районундагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А .Тешебаеванын билдирүүсү эске алынсын.

2. Кетирилген кемчилдиктерди тез аранын ичинде чечүү мындан ары финансалык ченемдик укук бузууларга жол бербөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго жана ФЭБ башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин

3. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу “Экономика , бюджет, соода жана ишкердүүлүк ” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы:

З. Жороев