Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы

2021-жылдын 19-август № 5-11

Төөлөс айыл өкмөтүнүн Герейт Шорон айылынын “Адыр “ бөлүмүндө жайгашкан 0,63 га жер аянтын “ Жайыт жерлери категориясынан “ калктуу конуш категориясына которуу жөнүндө.

Айылдык кеңештин аймагындагы аттулдардын турак- жай куруу боюнча жер тилкелерин менен камсыз кылуу жана алардын арыздарын канаттандыруу максатында ,,Жер участокторун которуу ,, жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 токтомуна негизденип

Токтом кылат:

1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн Герейт Шорон айылынын “Адыр ” бөлүмүндө жайгашкан 0,63 га жер аянтын “ Жайыт жерлери категориясынан ” калктуу конуш категориясына которууга макулдук берилсин .

2 Токтом аткарылышын камсыз кылуу, аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы

А. Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бакировго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кенештин “Айыл, суу чарба.жерге жайгаштыруу ,экология ,жаратылышты коргоо транспорт, курулуш , өнөржай ,кайраиштетүү жана энергетика”боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы:

З. Жороев