АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин VII чакырылышынын 2022-жылга I кезектүү сессиясы
2022-жылдын 28-январы № VII-I-II
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2022-жылга 2021-жылдан бюджетке калдык болуп калган 1697 969,87 ( бир миллион алты жүз токсон жети мин тогуз жүз алтымыш тогуз) сом, атайын каражаттан (ата-энелер төлөмүнөн) 52 665 (элүү эки мин алты жүз алтымыш беш) сом акча каражатын бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2022-жылга 2021-жылдан бюджетке калдык болуп калган 1697 969,87 ( бир миллион алты жүз токсон жети мин тогуз жүз алтымыш тогуз) сом акча каржаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
· 100 000 сом - эл жана турак-жай фонддун каттоосуна
· 100 000 сом – жарандык коргонууга (МЧС)
· 10 000 сом – вебсайт
· 10 000 сом – микротик алуу үчүн
· 60 000 сом – Терек-Суу айылынын айыл башчысына компьютер, цветной принтер
· 10 300 сом – архивге сакталган иш-кагаздары үчүн
· 70 000 сом – чек араларды тактоо, гипроземге
· 50 000 сом – даталуу күндөргө
· 46 300 сом – экологияга
· 200 000 сом – Терек-Суу айылындагы контордун жылуулук системасын орнотуу үчүн керектүү материалдарды алууга
· 15 300 сом – Бала бакчанын трансформатору үчүн РЭСке
· 650 200 сом – стимгранттын өздүк салымы үчүн
· 110 000 сом – Калинин айылындагы кармоцехти капиталдык ремонттон өткөрүүгө сметасын түздүрүү үчүн
· 11 869,87 сом – РЭСке тех условия үчүн
· 200 000 сом – Саз участогундагы эки каналга сооружения куруу үчүн керектүү материалдарды алууга
· 54 000 сом – жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |