АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин VII чакырылышынын 2022-жылга I кезектүү сессиясы
2022-жылдын 28-январы № VII-I-VI
Эс алуу үчүн жеңил типтеги эс алуучу жай жана туристик багытта мейманкана, ден соолукту чыңдоо комплекс курууга У.Эшмамбетов сурап жаткан Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылындагы “Кормоцех” участкасындагы 2,0га айыл чарба багытындагы саздак, суулу жайыт жер аянтын трансформация кылууга сунуштоо жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы А. Токторов КРнын 15.07.2013 жылдагы №145 жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамына жана КРнын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” тартиби жөнүндөгү убактылуу жобосуна ылайык билдирүүсүн угуп жана талкуулап,айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
КРнын 15.07.2013-жылдагы №145 жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамына жана КРнын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” тартиби жөнүндөгү убактылуу жобосуна ылайык эсалуу үчүн жеңил типтеги эсалуучу жай жана туристик багытта мейманкана, ден соолукту чыңдоо комплекс курууга У. Эшмамбетов сурап жаткан Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылындагы “Кормоцех” участкасындагы төмөндөгү контурдагы:
№194-контур 0,40га жайыт аянты;
№195-контур1,0га жайыт аянты;
№197-контур 0,25га жайыт аянты;
№199-контур 0,25га саздак жайыт аянты;
№203-контур 0,10га суулу жайыт аянты;
Жалпы 2,0 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоо) айылдык Кеңеш тарабынан макулдук берилсин жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясына сунушталсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т. Стамакуновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |