АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин I кезексиз сессиясы
2021-жылдын 25-июну № VII-I-II
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 27-январындагы № токтомунда бекитилген 249 990 сом жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфраструктурасына бөлүнгөн акча каражатынан жайыт салыгына 144 573 сом которулуп берилсин.
2. Жайыт жерлерин мал жаюудан башка максатка берүү үчүн келишимдер төмөндөгүдөй түзүлсүн:
· Ак-Сай өрөөнүндөгү мурдагы бузулган сарайлардын ордун мал багууга, женил типтеги курулуш курууга келишимдин негизинде 10-20 сотыхка чейинки жерлерге бир жылдын төлөмү 10 000 (он мин) сом болуп бекитилсин.
· Табигый тоют жыйноого, жапайы мөмө-жемиш, дары чөп жыйноого келишимдин негизинде бир сотых жерге 20(жыйырма) сомдон алынсын.
· Жайыт жерлерин туристтик максатка пайдалануу үчүн бир сотых жерге келишимдин негизинде 100(бир жүз) сомдон алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Жусупбековго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |