Редакцияот 25.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин I кезексиз сессиясы

2021-жылдын 25-июну № VII-I-IV

Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы (введение) 30 жылдан бери пайдаланылбай келген Кара-коюн участогундагы кысыр аныз, чөп чабынды, кайрак айдоо жер аянттарын өздөштүрүүгө ижарага берүү боюнча ижара тарифин бекитип берүү жөнүндө

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы (введение) 30 жылдан бери пайдаланылбай келген Кара-коюн участогундагы кысыр аныз, чөп чабынды, кайрак айдоо жер аянттарын өздөштүрүүгө ижарага берүү боюнча төмөндөгү контурлардагы жер аянттарынын ижара акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:

·         Кысыр аныз – 200 сом ижара акы, 139 соцфонд, жер салыгы менен

·         Кайрак айдоо аянты - 200 сом ижара акы, 139 соцфонд, жер салыгы менен

·         Чөп чабынды -200 сом ижара акы, 139 соцфонд, жер салыгы менен

2. Жогорудагы жер аянттарын өздөштүрүп пайдаланууга кызыктар болгон дыйкан фермерлерге конкурстук жана түз берүү үчүн комиссия курамы төмөнкү депутаттардан түзүлсүн:

Р.Исмаилов – төрагасы, мүчөлөрү: Т.Уланбек уулу, М.Жусупбеков, М.Жапанов

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Токторов