АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин III кезектүү сессиясы
2021-жылдын 17-сентябры № VII-III-III
Балыкты, балды, минералдык сууну чыгарып, экспортто үчүн завод курууга У.Эшмамбетов сурап жаткан Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылындагы “Ак-Талаа” участкасындагы 5,0 га айыл чарба багытындагы таштак жайыт жер аянтын трансформация кылууга сунуштоо жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы А.Токторов КРнын 15.07.2013-жылдагы № 145 жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамына жана КРнын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” тартиби жөнүндөгү убактылуу жобосуна ылайык билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын 15.07.2013-жылдагы № 145 жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамына жана КРнын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” тартиби жөнүндөгү убактылуу жобосуна ылайык балыкты, балды, минералдык сууну чыгарып, экспортто үчүн завод курууга У.Эшмамбетов сурап жаткан Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылындагы “Ак-Талаа” участкасындагы төмөндөгү контурдагы:
№ 210-контур таштак жайыт аянты- 5,0 га
Жалпы 5,0 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоо) айылдык Кеңеш тарабынан макулдук берилсин жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |