АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин II кезексиз сессиясы
2021-жылдын 5-октябры № VII-II-III
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак участкасына бажы терминалын курууга уруксат берүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагына караштуу Кара-Булак участкасындагы өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонуунун жана башка жерлер категориясына трансформация болгон 200 га жер аянтынын ичинен 24 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын бажы кызматына бажы терминалын курууга макулдук берилсин.
2. Ак-Талаа айыл аймагына караштуу Кара-Булак участкасындагы өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонуунун жана башка жерлер категориясына трансформация болгон 200 га жер аянтынан калган 176 га жер аянтына логистикалык борбордун курулушуна Айылдык Кенештин депутаттары каршы экендиги белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |